НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ИШЕМБИЛИКТИН АЛКАГЫНДА АЙЫЛ АЙМАКТАРДЫ КЫДЫРУУДА

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаровдун бүгүнкү 2-апрелиндеги иш сапары Жан-Булак, Жерге-Тал жана Учкун айыл аймактарында болуп өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө 3 айлык ишембиликтин алкагында жүргүзүлүп жаткан республикалык, райондук маанидеги автоунаа жолдорунун жээгиндеги жана ички көчөлөрдө жүргүзүлгөн ишембиликтердин жүрүшү жана ошондой эле айыл аймактардагы таштанды таштоочу жайлардын абалы, айылдардагы калктын саламаттыгынын кепилдиги болгон санитардык шарттары менен таанышты.
Ошондой эле таштанды таштоочу жайлардын экологиялык шарттарга, санитардык талапка жана мал-жандыктар аралабай айланасынын коруктарынын болуусу, таштанды таштоочу жайга баруучу жолдордун абалын көрдү .
Район акими айыл өкмөт башчыларына айыл аймактардын тазалыгына жана таштанды таштоочу жайлардын айланасын коруу боюнча тапшырмаларды берди.

Жооп калтыруу