НАРЫН РАЙОНУНУН АК-КЫЯ АЙЫЛЫНДА ФЕЛЬДШЕРДИК АКУШЕРДИК ПУНКТ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн, 15-ноябрда Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя айылында медициналык кызматтарды жеткиликтүү кылуу жана элдин жашоо сапатын жогорулатуу үчүн фельдшердик акушердик пункттун (ФАП) ачылыш аземи болуп, ишке киргизилди.
Ачылыш аземге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов, райондук мекеме ишканалардын жетекчилери, АРИСтин Нарын облусу боюнча координатору Т.Рысбаев, АРИС-тин Нарын району боюнча башкы эксперти Ж.Мамбетжанова жана айыл тургундары катышты.
Ак-Кыя айылындагы фельдшердик акушердик пунктту АРИС уюмунун АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун каржылоосунда 4 млн 262 миң 170 сом, ал эми Нарын райондук өнүктүрүү фондунан 1 000 000 сом бөлүнгөн.
ФАПтын курулуш иштерин “Бекташ курулуш” ЖЧК жүргүзгөн.
Андан сырткары азык-түлүк коопсуздугун алдын-алуу жана калкты сугат суусу менен жетиштүү камсыздоодо алгылыктуу иштер алынып барылууда .
Көп жылдардан бери элдин көйгөйү болуп келе жаткан 300 гектардан ашык айдоо аянтын сугат суу менен камсыз кылган Байменде канылына мамлекет тарабынан акча каражаты бөлүнүп, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди.
Каналды бетондоп, оңдоп-түзөө иштери ашар жолу менен ишке ашкан.
Аталган каналды калыбына келтирүүгө 11 млн 600 миң сом сарпталган.
Республикалык бюджеттен бөлүнгөн 6 млн 600 миң сомго 2 км 300 метри механикалык тазалоодон өткөрүлгөн жана латоктор алынган, 4 млн 800 миң сому Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, каналдын 800 метри оңдоп-түзөөдөн өткөн.
Район акими Н.Мадимаров эл менен жолугушууда бул ачылыштар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң жардам экенин баса белгиледи.
Ошондой эле райондун өнүгүшүнө, инфраструктурасын жакшыртууга салым кошкон инсандар Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.

Жооп калтыруу