Нарын районунун прокурорунун орун басары Ж.Бактыбекованын берген баяндамасына ылайык, 2024-жылдын 9 айында Нарын районунун прокуратурасы тарабынан жогорудагы категориядагы 6 материал АМС МЭЖна катталып, 1 материал башка органдан келип, анын ичинен 2 материал боюнча Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. менен кылмыш иштери козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн кылмыш иштер Нарын ОИИБна жана РИИБнө жиберилген, ал эми, 3 материал боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылып (КР КЖПКнин 27-бер.1-бөл.2-п. -2, 5-п. -1), 2 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзүү үчүн Нарын РИИБнө жиберилген.
Ал эми, көрсөтүлгөн мөөнөттө Нарын РИИБнин тергөө кызматынын өндүрүшүндө жалпы 5 кылмыш иши болуп, анын ичинен:
-сотко жиберилгени – 1;
-өндүрүштөн кыскартылганы – 2 (КР КЖКнин КЖПКнин 27-бер.1-бөл.2-п. – 1, 12-п. – 1);
-өндүрүштөн токтотулганы – 2 (КР КЖПКнин 246-бер.1-бөл.3-п.), аталган кылмыш иштер боюнча соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусу даяр боло элек.
Өндүрүштө болгон 5 кылмыш иштин ичинен 3 кылмыш иш эски жылдардан калган иштер, ал эми, 2 кылмыш иши 2024-жылы козголгон кылмыш иштерди түзөт.
Беренелерге бөлүп караганда:
Кыргыз Республикасынын КЖКнин 337-бер. – 4;
Кыргыз Республикасынын КЖКнин 346-бер. – 1.
Көрсөтүлгөн кылмыш иштердин ичинен 1 кылмыш иш өткөн жылдары Нарын РИИБнин тергөө кызматы тарабынан козголгон, ал эми, 4 кылмыш иш Нарын областынын жана районунун прокуратуралары тарабынан козголгон иштер.
2024-жылдын 9 айында эски жылдардан өндүрүштөн кыскартылган 1 кылмыш иши Нарын областынын прокуратурасы тарабынан, эски жылдардан токтотулган 1 кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн чечими райондук прокуратура тарабынан жокко чыгарылган.
Кошумча тергөөнүн жыйынтыгы менен кыскартылган кылмыш иш кайрадан КР КЖПКнин 27-бер.1-бөл.2-п. негизинде өндүрүштөн кыскартылган, ал эми, экинчи иш боюнча соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалгандыгына байланыштуу кайрадан КР КЖПКнин 246-бер.1-бөл.3-п. негизинде өндүрүштөн токтотулган.
Кабыл алынган чечимдер боюнча прокурордук актылар келтирилген эмес.
Белгиленген мөөнөттө, 1 кызматтык кылмыш иши боюнча көрсөтмө берилген.
Мындан сырткары, тергөө кызматы тарабынан жогорудагы категориядагы 2 материал боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында кылмыш ишин козгоодон баш тартылган (КР КЖПКнин 27-бер.1-бөл.2-п. -1, 12-п. -1).