НАРЫН РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ИШЕМБИЛИКТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 6-апрель райондук мекемелер, айыл өкмөт кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар тарабынан, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 3 айлык ишембилик жүргүзүү боюнча буйругунун негизинде, ар аптанын жума жана ишемби күндөрү ишембиликтер жүргүзүлүүдө.
Анда белгилүү болгондой, мекемелер өзүлөрүнө бөлүнгөн аймактарды жол жээктерин, коомдук эс алуу жайларын таштандыдан арылтып, тазалык иштерин, күжүрмөн курамы менен, уюшкандыкта жүргүзүштү.
Нарын районунун акими мындай тазалыкка багытталган иш аракеттер айыл аймактарда мындан ары уланаарын белгиледи.
Жалпы ишембиликке район боюнча 420 адам катышып, 9 тонна таштанды чыгарылды.
Таштанды чыгаруу үчүн 14 техника тартылды.

Жооп калтыруу