Бүгүн, 30-мартта Нарын районунун аймагында ишембилик өттү.
Ишембиликке мекеме-ишканалардын, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышты.
Ишембиликтин алкагында парктар, жол жээктери, арыктар жана мекеме-ишканалардын айланасын, аллеяларды, таштандылардан арылтып тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Эскерте кетсек, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тазалыкты камсыздоо максатында 3 айлык ишембилик жарыяланды.
Мындай ишембиликтер үзгүлтүксүз жүргүзүлүп, өз кезегинде тазалык менен бирге табиятка аяр мамиле кылуу, аны көрктөндүрүү, жашылдандыруу, санитардык абалын жакшыртуу максатында жүргүзүлүп турмакчы .