Бүгүн, 17-ноябрда саат 08:00дөн тарта Нарын районунун аймагында жергиликтүү Кеңештин депутаттарын шайлоо башталды.
Нарын районунда жалпы 33 шайлоо участкасы бар.
Жалпы шайлоочулардын саны район боюнча 34657, жергиликтүү кеңештин депутаттыгына талапкер болгон 222 адам, анын ичинен 78 аял жолдоштор.
Райондо жергиликтүү кеңештин депутаттарына 137 мандат берилген. Анын ичинен 53 мандат аялдар үчүн.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров айрым шайлоо участкаларында болуп, шайлоонун жүрүшү менен таанышып чыгып, шайлоону уюшкандыкта жана коомдук коопсуздукту сактоо менен шайлоонун тынч өтүшүнө тилектештигин билдирди.
Ошондой эле ар бир шайлоо участкаларына бөлүнгөн райондук мекеме жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары тарабынан шайлоонун өтүшү, автоматташтырылган жабдуулардын иштеши, онлайн байланыштардын камсыздалышы жана техникалык жактан жабдылышы тууралуу маалыматтар алынууда.
33 шайлоо участкасында коомдук коопсуздукту камсыз кылуу максатында Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана элдик кошуундар тартылган.
Ар бир шайлоо участкасында аксакалдардын батасы берилип, 18 жашка толуп, биринчи шайлоого катышып жаткан жаштарга Кыргыз Республикасынын Конституция китеби жана белектер берилди.
Шайлоо ар бир айыл аймактарда жогорку деңгээлде уюштурулуп, жакшы маанайда башталды.
Бүгүнкү күндө Нарын районунун аймагында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо уюшкандыкта өтүүдө.