2025-жылдын 14-октябрында Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Азим+С» асыл тукум кой чарбасында жасалма уруктандыруу боюнча облустук деңгээлдеги практикалык семинар болуп өттү.
Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров,
Айыл чарба, суу ресурстары министрлигинин ветеринария мал чарбасын өнүктүрүү жана жайыт, тоют кызматынын директорунун орун басары И.Алманбетов,
Айыл чарба министрлигин асыл тукум мал чарба тоют жана жайыт башкармалыгынын башчысы М.Каландаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы С.Асаналиев, “Кыргыз жүн” улуттук ассоциациясынын аткаруучу жетекчиси А.Апазов, айыл өкмөт башчылары жана Ат-Башы, Ак-Талаа,Нарын райондорунун фермерлери катышты.
✅ Иш-чаранын жүрүшүндө жасалма уруктандыруу боюнча теориялык жана практикалык маалыматтар берилип, жеринде көрсөтмөлүү машыгуу уюштурулду.
📌 Белгилей кетсек, 2018-жылы уюшулган «Азим+С» чарбасында 540 баш кой, анын ичинде 350 тубар, 100 баш асыл тукум эркек мал багылат. Чарбада зарыл болгон техника жана шаймандар менен камсыздалган.
Бул иш-чара мал чарбасын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын жана сапатын жакшыртууга багытталган.


















