2025-жылдын 6-майында, Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ботояров менен биргеликте Куланак айылында жашаган, 100 жашты карыткан ооруктун ардагери Дүйшеналиева Чачыкей апанын абалынан жеринен кабар алып, майрамдык куттуктоосун жана каалоо-тилектерин жолдоду.
Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова,Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Нарын облусу боюнча өкүлү А.Абдыкеримов жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов Дөбөлү айылындагы ооруктун ардагери Асанбай Акымбаев атанын ден соолугу жана жашоо-шарты менен таанышып, куттуктоолорун билдиришти.
Иш сапардын жүрүшүндө ардагерлерге майрамдык белектер жана материалдык жардамдар тапшырылды. Бул көмөк Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан, Кыргызстан элинин Ассамблеясынын атынан жана айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттеринен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен көрсөтүлдү.
Ардагерлерибиз өз ыраазычылыктарын билдирип, өлкөгө тынчтык, элибизге бакубат жашоо, урпактарга ынтымак жана биримдик каалап, ак баталарын беришти.






Ооруктун оор шартында жан аябай эмгектенип, Жеңишке өз салымын кошкон ардагерлерге терең таазим!
Ата-бабалардын кайратмандыгы – бүгүнкү муун үчүн улуу сабак, эркиндиктин жана тынчтыктын тиреги.