Бүгүн, 7-октябрда — Мугалимдердин кесиптик майрамы салтанаттуу түрдө белгиленди.
Иш-чара Нарын райондук маданият үйүндө өткөрүлүп, ага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз элинин Ассамблеясынын Нарын облусу боюнча өкүлү А.Абдыкеримов, Нарын РИИБнин орун басары М.Султаналиева, райондук профсоюзу, айыл өкмөт башчылары, агартуу тармагынын ардагерлери жана билим берүү мекемелеринин кызматкерлери катышты.
Район акими Н.Мадимаров мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктап, алардын өлкөнүн келечегин калыптандыруудагы талыкпаган эмгегин жана коомдогу ордун өзгөчө белгилеп өттү. Ошондой эле мугалимдик кесиптин ыйыктыгын баса белгилеп, ийгиликтерди каалады.
Майрамдык иш-чаранын алкагында билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн, жогорку жетишкендиктерге жетишкен мугалимдерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамота”, “Ыраазычылык каттары” жана баалуу белектер тапшырылды.
Ошондой эле чакырылган коноктор жана айыл өкмөт башчылары тарабынан да мугалимдердин эмгеги жогору бааланып, куттуктоолор айтылып, сыйлыктар тапшырылды.





































