НАРЫН РАЙОНУНДА МЕКТЕП ЛИГАСЫ БОЮНЧА СПОРТТУК ИШ-ЧАРА ОТКОРУЛДУ

2024- жылдын 30- мартында, Нарын шаарындагы “Ала-Тоо” стадионунда “Кыргыз Республикасынын мектеп лигасы” долбоорунун алкагында, спорттун бир нече түрү боюнча райондук окуучулар арасында таймаш болуп өттү.
Анда белгилүү болгондой Жан- булак айылынын Абылкасым Жутакеев орто мектебинен келген футбол боюнча курама командасы 1- орунду багындырып, жогоруда аталган лиганын Областтык түрүнө жолдомо алышты.
Ошондой эле областтык этапка эстафеталык чуркоо боюнча Орто- Нура айылынын Б.Бекжанов орто мектебинин окуучулар командасы да катышуу укугуна ээ болушту.
Аталган долбоор 2021- жылдагы Кыргыз Республикасынын ” Инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында, балдар- өспүрүмдөрдү сергек жашоого үндөө, дене тарбиясы, спорттун аталган түрлөрүн жайылтуу максатында жүргүзүлүп келет.

Жооп калтыруу