НАРЫН РАЙОНУНДА МАМЛЕКЕТТИК ЖАНА МУНИЦИПАЛДЫК КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН КҮНҮ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

24-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында 23-июнь Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Салтанаттуу иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администарциясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин, түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Нарын облусундагы өкүлү Ж.Мамбетова, Профсоюздардын Нарын облусундагы Кеңешинин төрагасы Э.Алымкулов, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлери, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын мыктылары катышты.
Иш-чарада Эмилбек Абдыраимович, Үсөн Айыпович, Калипа Орозакуновна, Илимбай Кадыкеевич, Нарынбек Карыбекович жана Жалил Абдыраимовичдер куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге куттуктоолорун арнап, мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик кызматкерлерге түзүлүп жаткан шарттар, алдыдагы милдеттер боюнча пикирлерин билдиришти.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын ардагерлерине Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров куттуктоосун арнап, чакан белектер тапшырылды.
Кесиптик күнгө арналган салтанаттуу жыйында алдыңкы кызматкерлерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” жана “Ыраазычылык каты”, КРнын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин сыйлыктары ыйгарылды.
Майрамдык иш-чара чакан концерттик программа менен коштолду.

Жооп калтыруу