Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагынын Оттук айылында “Мен чемпионмун” аталышындагы лыжа спортунун үчүнчү этабы болуп өттү. Аталган спорттук иш чарага Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Т. Кулешов катышып, жеңиш үчүн бүйүр кызыткан таймашка күбө болуп кайтты.
120 дан ашуун улан-кыздардар катышкан мелдеш Чүй, Ысык-Көл облустарынан жана жергиликтүү спортчулардын ортосунда орун алып, Кыргызстандын тоолуу аймактарында кышкы спортту өнүктүрүү максатын көздөп келет.
Мелдештин жүрүшүндө Нарын районунун өспүрүмдөр курамасы жакшы жыйынтыкка жетишкенин жана Чүй облусунан келген атлетчилер дагы катуу каршылык көргөзүп жаткандыгын белгилей кетүү зарыл.
Мелдеш 12-февралда жыйынтыкталып, калыстардын чечиминин негизинде жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер өз ээлерин тапмакчы.