НАРЫН РАЙОНУНДА КЫЛМЫШТУУЛУКТУ, ЗОМБУЛУКТУ АЛДЫН-АЛУУ БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛҮҮДӨ

Нарын районунун айыл аймактарында жаш өспүрүмдөргө карата зордук зомбулукту, кылмыштуулукту жана үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү максатында, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, Нарын райондор аралык эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын жетекчиси Ж.Мамбетказиев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси, Нарын районунун баш имам-хатиби Р.Чыровдордун катышуусунда Миң-Булак айыл аймагынын Лахол, Жер-Көчкү айылдарында ата-энелер жана окуучулар менен жолугушуу болуп өттү.
Нарын районунун айыл аймактарында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, жетиштүү маалымат берилүүсү үчүн үстүбүздөгү жылдын 7- октябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу чыгып, атайын график түзүлүп, буйрукту аткаруу максатында айыл аймактар тандалып, иштер мерчемделген.
Жолугушууда өспүрүмдөр арасында суицид жана эрте никеге туруунун алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукка каршы чаралар тууралуу кеңири маалыматтар берилди.
Андан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” N54 Жарлыгын аткаруу максатында ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча дагы маалымат берилди.
Белгилей кетсек, мындай эл менен жолугушуулар графикке ылайык райондун бардык айылдарында улантылат.

Жооп калтыруу