НАРЫН РАЙОНУНДА КҮЗДҮК АЙДОО КОЛГО АЛЫНУУДА

Күзгү эгин жыйноо, тоют топтоо иштеринин аякташы менен Нарын районунда биринчилерден болуп кайрак жерге күздүк айдоо иштери колго алынууда.
Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы А.Мүсүрканов тарабынан күздүк себүү боюнча Нарын районунда эксперимент жүргүзүү пландалып Агро Лид уюму менен жергиликтүү үрөн чарбаларды тааныштырып, биргеликте бул долбоорду ишке ашырып жатышат.
Анда Агро Лид уюмунун колдоосу менен айыл чарбасын өнүктүрүү максатында Нарын районунунда ишмердүүлүк жүргүзгөн “Жийде бак”, “Акин” үрөн чарбалары жана Тянь-Шань асыл тукум мал чарбасы менен биргеликте Оттук айылындагы “Учку-Жон” участкасында 70 гектар жер аянтына аталган долбоор ишке ашырылууда.
Адистердин маалыматына караганда күздүк айдоодо Стекловидная-24 сортундагы буудай себилип, жетиштүү азыктануусу, өнүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн гранул кошо себилет.
Бул методду колдонууда соко, тырмоо сыяктуу шаймандар колдонулбайт, эгин себүүчү айыл чарба техникасынын гана жардамы менен себилет жана жер кыртышын бузууга алып келбейт.
«Нөлдүк ыкма» же башкача айтканда «No-Till» жер иштетүү системасы түзмө-түз «жер айдоо жок» деп которулат жана жерди иштетүүдө жердин кыртышынын минималдуу бузулушун билдирет.
Нөлдүк ыкма – атайын салмагы оор үрөн сепкич менен жерди соколобой эле себүүнү билдирет.

Жооп калтыруу