НАРЫН РАЙОНУНДА КРИЗИСТИК БОРБОР АЧЫЛДЫ

2025-жылдын 16-сентябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор расмий ачылды.
Бул борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, аталган каражат имаратты капиталдык оңдоого жана кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө багытталган.
Борбордун негизги максаты— турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эрте кийлигишүү кызматтарын көрсөтүү жана социалдык колдоону күчөтүү.
🔹 Кризистик борбор Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Коомдук алдын алуу борборунун базасында иш алып барат. Долбоордун мөөнөтү аяктагандан кийин имарат жергиликтүү бюджеттин колдоосу менен 100 миң сомго оңдолуп, борборго берилген. Айыл тургуну Жоолочиев Кубан көмүркана курууга 270 пескоблок менен колдоо көрсөткөн.
🔹 Бириккен Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы аркылуу ички оңдоо жана короону тосуу иштери жүргүзүлүп, бул иштерге тартылган аз камсыз үй-бүлөлөр азык-түлүк менен камсыз болушкан.
Ал эми маркум Жумгалбек Солтонкуловдун үй-бүлөсү борбордун ички жабдууларына жардам көрсөтүшкөн жана мындан ары турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоону колго алууда.
Бул кризистик борбор аймактагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн олуттуу жардамчы болуп, социалдык коргоо жаатындагы иш-аракеттерге чоң салым кошмокчу.

Жооп калтыруу