НАРЫН РАЙОНУНДА “КООПСУЗ ӨЛКӨ – ТУРУКТУУ КЕЛЕЧЕК” ФОРУМУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-декабрындагы чечими менен “2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу боюнча” Улуттук план бекитилген.
2024-жылдын 29-февралында аталган Улуттук пландын алкагында Миң-Булак айыл өкмөтүнүн жыйындар залында “Коопсуз өлкө – туруктуу келечек” аталышындагы форум өткөрүлдү.
Нарын райондук ички иштер бөлүмү тарабынан уюштурулуп, аталган форумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, Нарын райондук аксакалдар кеңешинин төрагасынын С.Нурманбетов, билим берүү бөлүмүнүн өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары,мекеме жетекчилери, жаштар жана окуучулар катышты.
Форумда район акими Н.Мадимаров сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:
Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттин ишинин мазмунуна, принциптерине жана негизги багыттарына карата көз караштардын системасын билдирет, анын компоненттерин жана 2022–2028-жылдарга карата Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча иштин багытын аныктайт.
2022–2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясынын кабыл алынышы “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабы болуп саналат.
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча буга чейин дагы райондук ички иштер кызматкерлери тарабынан тынымсыз иштер алынып барылган.
Бул багытта Нарын райондук ички иштер бөлүмүндө коомдук коопсуздукту санариптештирүү, же видео көзөмөл орнотуу жолу менен алдын алуу аракеттери жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи. Санариптештирүүнүн алкагында Видео көзөмөл камераларын райондун аймагындагы маанилүү болгон жолдорго, көчөлөргө, базарларга жана коомдук жайларга орнотуу иштери дагы аягына чыгат деген ишеничин билдирди.
Нарын районунун аймагындагы «КӨЧМӨ КАБЫЛДАМАЛАР» ар бир райондун аймагындагы эс алуучу жайларга, туристтик базаларга жеринде барып, жарандардын жана чет элдик туристтердин жеке коопсуздугун камсыз кылуу менен аларга сервистик тейлөө жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнү колго алынган.
Бүгүнкү форумда укук бузуулардын алдын алуудагы негизги маселелер ортого салынып, натыйжалуу иш-аракеттер мерчемделет деген ишеничин билдирип, форумдун ишине ийгилик каалады.
Жыйындын соңунда укук бузуулардын алдын алуудагы негизги маселелер ортого салынып, натыйжалуу иш-аракеттер мерчемделди.

Жооп калтыруу