НАРЫН РАЙОНУНДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ БОЛДУ

Бүгүн, 24-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында коллегиялык отурум болуп өттү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, орун басарлар, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселе каралды:
1. Нарын районунун айыл аймактарында мамлекет тарабынан берилген бюджеттик ссудалардын, чет элдик гранттардын, кредиттердин кайтарымдуулугу жѳнүндѳ;
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жѳнүндѳ” №385 токтомунун айыл ѳкмѳттѳрдө жана мекемеде аткарылышы жѳнүндѳ;
3. Ѳзгѳчѳ кырдаалдардын алдын-алуу боюнча айыл ѳкмѳттѳрдѳ аткарылган иштер жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы “Турак жайды ѳрттѳн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу” жѳнүндѳ №209 Мыйзамынын райондук мекеме-ишканаларда жана ѳкмѳттѳрдѳ аткарылышы жѳнүндѳ;
4. Кошумча маселе Нарын районунун 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасы;
Отурумда күн тартибинде каралган биринчи маселе боюнча Нарын районунун айыл аймактарында мамлекет тарабынан берилген бюджеттик ссудалардын, чет элдик гранттардын жана кредиттердин кайтарымдуулугу боюнча Кырыгыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу “Финансы-кредити” фондунун Нарын районунундагы өкүлү Таалайбек уулу Камчыбек баяндамын окуп, айыл өкмөттөрдөгү аткарылып жаткан иштердеги жетишкендиктерге жана кемчиликтерге да токтоло кетти.
Экинчи маселе Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы “Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жѳнүндѳ” №385 токтомунун айыл ѳкмѳттѳрдө жана мекемеде аткарылышы жѳнүндѳ Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Э.Байтокова маалымат берип, төмөндөгүлөргө токтолду.
Жобого ылайык, социалдык контрактты ишке ашыруу боюнча айыл өкмөттөрдө убактылуу комиссиянын курамдары түзүлүп, иш-чарасы иштелип чыгып, тиешелүү мекемеде аткарууга алынган.
2022-жылга карата район боюнча 42 долбоор каралса, 30 долбоор ишке ашкан. Ал эми 2023-жылга 165 долбоор каралып, 125 долбоор өткөн.
2022-2023-жылдарга карата социалдык контрактын негизинде социалдык жардам алуучулар ишкерликтин ар кандай түрлөрүн жүргүзүп келишкен.
2024-жыл үчүн Нарын районундагы “Үй бүлөгө көмөк” алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ишкердик жүргүзүү максатында мамлекет тарабынан 243 квота бекитилип, анын ичинен 214 квота республикалык бюджеттен, 29 квота Бүткүл дүйнөлүк банктын “Социалдык жардам жана эмгек рыногу программаларын бекемдөө” долбоорунун алкагында каржылангандыгын белгиледи.
Ал эми кийинки күн тартибиндеги каралган маселе Ѳзгѳчѳ кырдаалдардын алдын-алуу боюнча айыл ѳкмѳттѳрдѳ аткарылган иштер жана Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 31-июлундагы “Турак жайды ѳрттѳн жана табигый кырсыктан камсыздандыруу” жѳнүндѳ №209 Мыйзамынын райондук мекеме-ишканаларда жана ѳкмѳттѳрдѳ аткарылышы жѳнүндѳ башкы адис К.Боскун кызы токтолуп, мекеме-ишканалардагы, айыл аймактактардагы бекитилген планга ылайык турак-жайларды, социалдык, административдик имараттарды жана кызматтык автоунааларды өрттөн жана кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу боюнча маалыматар берилип, планга ылайык иш алып баруу жагы тапшырылды.
Кошумча маселе катары каралуучу Нарын районунун 2024-2029-жылдарга карата социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасы боюнча презентация көрсөтүлүп, талкууланды.

Жооп калтыруу