Бүгүн, 16-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан “Кластердик метод Нарын районунда айыл чарбасын өнүктүрүүнүн эффективдүү инструменти катары” аталышындагы форум болуп өттү.
Форумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси А.Бектемиров, айыл өкмөт башчылары, дыйкан-фермерлер, жеке ишкерлер жана бул жаатта иш алып барган кооперативдер катышты.
Форумдун башында Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов кластердик ыкма боюнча 2023-жыл ичинде өстүрүлгөн өсүмдүктөр жана 2024-жылга пландалган иш-аракеттер боюнча маалымат берди.
Аталган форумдун жүрүшүндө Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкынын Ысык-Көл, Нарын регионунун координатору Ч.Мааткеримов “Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын чакан бизнести колдоо куралдары, жолдору, шарттары”, “Эко-Глобал –Аманат” ЖЧКнын директору Н.Кененбаева “Органикалык жер семирткич”, “BIO KG” органикалык кыймыл Федерациясынын координатору М.Боронбаевдар өзүлөрүнүн презентациялары менен тааныштырышты.
“WOOL KG” ЖЧКнын жетекчиси М.Абдулаева жүндү кайра иштетүү боюнча ишмердүүлүгү менен тааныштырып, кара жүн жана ак меренос жүнүн 75-80 сомдон сатып алаарын кошумчалады.
Кыргыз Ленд Ассоциациянын өкүлү А.Осмонбаев “өсүмдүк май жана мөмө-жемиштер кластер боюнча ишмердүүлүгүн тааныштыруу менен күнкарама өсүмдүгүнүн чийки продукциясын 35 сом, биринчи кайра иштетүүдөн өткөн майын 80 сом, андан сырткары сафлор өсүмдүгү алынаарын белгиледи.
Ошондой эле “Бектемир-Ата” айыл чарба кооперативинин төрагасы У.Акунов жана “Нур” кооперативинин жетекчиси Н.Мусалиев кооперативдеринин ийгиликтери менен тааныштырып, учурда актуалдуу болуп жаткан чыктуу тоютту даярдоо боюнча маалымат берип, дыйкан фермерлерди сапаттуу жана заманбап ыкма менен иштөөгө чакырды.
Форумдун эң негизги максаты- район аймагында кластердик ыкманы өздөштүрүү, чыктуу тоютту даярдоо, жайылтуу, дыйкан-фермерлердин айыл чарбасында жүргүзгөн аракеттерин колдоо жана продукциянын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.