2024-жылдын 13-декабрында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында жеке ишкерлер, укук коргоо жана контролдоочу органдар менен бирге жолугушуу өткөрүлдү.
Аталган жолугушууга ишкердиктин ар кайсы тармактарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, инвестициялык климатты жакшыртуу, укук коргоо, фискалдык жана контролдоочу органдардын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз жана ашыкча кийлигишүүлөрүнө бөгөт коюу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, укук коргоо жана контролдоочу органдар тарабынан ишкердик субъекттеринин ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүү жана текшерүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдар мыйзамдын талабына ылайык жоопкерчиликке тартыла тургандыгы баса белгиленип, ошол эле учурда текшерүүнүн субъекттери болгон ишкерлердин укуктары жана милдеттери түшүндүрүлдү.
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” боюнча мобилдик тиркемеси боюнча маалыматтар айтылып, түшүндүрмө берилип кетти.
Талкуулоонун жыйынтыгы боюнча катышуучулар мындан ары да райондук прокуратура менен ишкерлердин укуктарын коргоо чөйрөсүндө тыгыз кызматташууга даярдыгын билдиришти.
Нарын районунун прокуратурасы.