Нарын районунда азык-түлүк коопсуздугун алдын-алуу жана калкты сугат суусу менен жетиштүү камсыздоодо алгылыктуу иштер алып барылууда.
Бул боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович 11- июндагы Чет-Нура айыл аймагындагы иш сапарында белгилүү болду.
Анда маалым болгондой Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын башчысы А.Бекбоев, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов, айыл өкмөт башчысы А.Окенов жана жергиликтүү дыйкан фермерлердин катышуусунда «Байменде» каналынын оңдоп түзөөдөн кийинки абалы менен жеринде таанышты.
Кышкы тоют камдоодо, сугат суусунун мааниси зор экенин билдирген район акими төмөнкүлөргө токтолду:
Суу тартыштыгынан улам иштелбей жаткан жерлер арбын жана мындай көйгөйлөр башка айыл аймактарда дагы бар.
Мамлекет тарабынан ирригация тармагына жетиштүү көңүл бурулуп, бул маселелер ирээти менен чечилип жатат.
Эскерте кетсек, «Байменде» каналына Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 5 млн сом бөлүнүп, ашар жолу аркылуу 200 дөн ашуун адамдын жумуш күчү аркылуу ишке ашырылган.
Жалпысы сугат айдоо жерлеринен сырткары 300 га жер аянты суу менен камсыз болгон, каналга республикалык бюджеттен 6 млн 600 миң сом бөлүнүп латоктор орнотулуп, жумуш күчү менен жарактан чыккан эски латоктор алынган.
Андан сырткары Нарын районунун ирригация тармагында бир катар алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө.
Атап айтсак Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Суу” каналында ремонттоо иштери жүрүп жатат. Аталган каналды ремонттоого республикалык бюджеттен 10 млн 600 миң сом акча каражаты каралган.
Каналдын 3,5 км жеринде бетондоо иштери жүргүзүлүп жатат, быйыл толугу менен каналды ремонттоо иштери бүткөрүлөт.
Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылындагы “Байдулуу” каналын капиталдык оңдоп, түзөөдөн өткөрүү үчүн республикалык бюджеттен 20 млн сом акча каражаты бөлүнгөн, учурда каналды ремонттоо иштерине 2 млн 500 миң сом бөлүнүп, бул каражатка 50 шт латокторду алууга тендер жарыяланган, мындан сырткары 5,5 км жеринде механикалык тазалоо иштери башталат.
Ал эми Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Төш-Булак айылындагы насостук станциянын курулуш иштери аяктап 1,5км жерге суу тартып баруу иштери жүргүзүлгөн, 300 га жер аянтын сугат суу менен камсыздайт.