Бүгүн, 29-апрелинде Нарын райондук мамлекеттик администрциясынын башчысынын башчысы-аким Н.Мадимаров Дөбөлү айыл өкмөтүндө болду.
Дөбөлү айыл аймагынын 8 ички каналдарын тазалоо үчүн жана ирригациялык тармакты өнүктүрүүгө Нарын районунун Өнүктүрүү фондунан 3,5 млн сом бөлүнүп берилген.
Ал эми Дөбөлү айыл өкмөтүнүн бюджетинен 200 миң сом акча каражаты бөлүнгөн, ал эми ички каналдарды жана суу бөлүүчү жерлери айыл тургундары тарабынан ашар жолу менен бетондолуп жасалат.
Ошонун негизинде Таш-Башат айылындагы 12 км каналды тазалоо иштери жүрүүдө.
Район акими Н.Мадимаров чарбалык каналда кызуу жүрүп жаткан иштерди жеринен көрүп, кабар алды.
Ошондой эле Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Т.Кулешов Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылындагы БСРди тазалоо иштери башталуусу боюнча жеринен кабар алды.
БСРди тазалоо жумуштарына Нарын районунун Өнүктүрүү фондунан 2 млн 906 700 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
БСРди тазалоо жумуштарын тендерден ОсОО “Бай-Хан строй” компаниясы утуп алган.
Бул иштер айыл-чарбасын жана айыл тургундарынын жашоо сапатын жакшыртууга жасалган олуттуу кадам экендиги белгиленет.