Бүгүн, 20-май күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаров Энелер күнүнө карата районубузда эмгеги менен элге жаккан, мугалим,медицина кызматында жана коомдук кызматтарды аркалап ардактуу эс алуудагы энелерди жана көп балалуу баатыр энелерди кабыл алып, майрамы менен куттуктады.
Бир эле үй-бүлөнүн түйшүгү менен чектелбей, кайратына канат бүтүрүп, коомдук иштерде, калктын социалдык турмушун жана саламаттыгына кам көрүүдө деги эле биз жашаган турмушта салымыңыздар зор экенин белгилеп, үй-бүлөнүн кашында коомдун күзгүсү болуп ден соолукта, узун өмүр сүрүүсүн каалап, чакан белектерин тапшырды.
Мындан сырткары район акими азыркы учурда мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларды белгилеп, Президентибиз Садыр Нургожоевичтин жүргүзүп жаткан саясаты жана райондогу алгылыктуу иштер боюнча маалымат берди.
Андан соң бул жолку энелер күнүндө кылым жашаган энелерди да көз жаздымда калтырбай, жеринде жолугушуп кайтты.
Атай кетсек, Миң-Булак айыл аймагына караштуу Эмгекчил айылында Садыбакасова Самар апаны куттуктады. Эмгек ардагери 101 жашта, 20 жылдан ашык алдыңкы чабан болуп эмгектенген .
Ал эми Дөбөлү айыл аймагына караштуу Таш-Башат айылында Баймырзаева Гүлбүбү апа 90 жашта, улгайса да ууртунан күлкүсү, көзүндөгү нуру менен, акыл насаатын айтып келет.
Район акими кылымга тете жашап, өрнөктүү өмүр сүрүп жаткан эмгекчил энелерге чың ден соолук, дөөлөттүү карылык каалады.