Эгемендиктин 34 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында Нарын райондук спорт башкармалыгы тарабынан улуттук оюндар уюштурулду.
Иш-чарада катышуучулар арасында таяк тартыш, кол күрөш жана башка улуттук спорт түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, жеңүүчүлөргө дипломдор жана белектер тапшырылды.
Бул оюндар элибиздин көчмөн маданияты менен спорттук мурастарын жандандырып, жаштар арасында патриоттук сезимди күчөтүүгө өбөлгө болду.
Эгемендик — мурастуу мамлекеттин пайдубалы, улуттук баалуулуктардын даңазасы!