Бүгүн 23-апрель Нарын райондук Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасы тарабынан Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылындагы М.Байгазиева атындагы китепканасында “Китеп билим булагы, билим өмүр чырагы” аталышындагы райондук деңгээлдеги иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Идрисов, Э.Ибраев атындагы борбордук китепканасынын жетекчиси Ш.Алакунова жана эмгек жамааты, райондук китепканачылар жана Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин окуучулары катышты.
Кыргыз Өкмөтү 2002-жылдын 1-апрелиндеги токтому менен өлкөдө китеп күнүн белгилөөнү бекиткен. Токтомдо Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн майрамдоо аркылуу, дүйнөлүк басылмалар менен китеп алмашуу жана жаңы китептер менен өлкө коомчулугун тааныштыруу багыттарын көздөгөн.
Иш-чарада М.Байгазиева атындагы китепкананын китепканачысы А.Асанкулова тарабынан китеп күнүнө карата видео-слайд көргөзүлдү.
Андан соң кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы, байыркы мурасы катары бааланган “Манас” эпосунан үзүндү айтуу менен коштолуп, сценка жана окуучулар көркөм окуулар болду.
Китеп-бул маданияттын көрсөткүчү, маалымат сактоонун, аны муундан муунга өткөрүп берүүнүн бир формасы болуп саналат. Ошондой эле илим-билим, маданият, адабий көркөм чыгармаларды жайылтуунун жана сактоонун маанилүү каражаты. Адамдардын руханий байланышындагы көөнөрбөс көрөңгөнүн бири, ал адамды өз башатына баш багууга, жан дүйнөсүнүн сырдуу түйүндөрүн чечүүгө, учурдагы жана өткөндөгү, келечектеги турмушка сереп салып, байкоо жүргүзүүгө түрткү берет.