НАРЫН РАЙОНУНДА БИР КАТАР СОЦИАЛДЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИН КУРУЛУШУ ЖАНА ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

📍 2025-жылдын 10-октябры— Нарын районунун акими Н.Мадимаров дем берүүчү грант, Нарын облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун каржылык колдоосу менен жүрүп жаткан бир катар социалдык объектилердин курулуш иштерин жеринен барып көрдү.

Чет-Нура айыл өкмөтүндө:
– “Чет-Нура” бала бакчасына кошумча корпус курулууда. (Подрядчы: “Абдызыят” ЖЧК)
– Айыл ичинде смарт парк курулууда.
– Э. Ибраев атындагы айылдык клубга жылытуу системасын орнотуу жана чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө.

Миң-Булак айыл өкмөтүндө:
– Куйбышев айылындагы А. Осмонов атындагы маданият үйүнө жылуулук системасын орнотуу жана инвентар алуу максатында Нарын облустук өнүктүрүү фондунан каражат бөлүнгөн.

Э. Дайракунов айыл аймагында:
– Кызыл-Жылдыз айылында эски кампанын базасында күнөскана жана өндүрүш кампасын куруу иштери жүрүүдө.
– Жалгыз-Терек айылындагы “Жаштар ордосу” капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө.

Жан-Булак айыл өкмөтүндө:
– Т. Апсалиев атындагы спорт комплекс капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат.

 

Жооп калтыруу