2024-жылдын 26-августунда М.Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалык академиялык драма театрында Нарын райондук билим берүү бөлүмү тарабынан “Билим берүүгө 100 жыл: Трансформация, чакырыктар жана жаңы горизонттор” аталышындагы август конференциясы өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, билим берүүнүн ардагерлери, билим берүү кызматкерлери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Конференцияда Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Исакова Гүлбарчын Бейманжановна 2022-2023-окуу жылындагы аткарылган иштер боюнча доклад окуду.
Андан соң район акими Н.Мадимаров сөз сүйлөп, төмөнкүлөргө токтолду:
Өзүнүздөргө белгилүү болгондой жыл ичинде мамлекетибизде бир катар жетишкендиктер ар бир тармакта көзгө толумдуу аракеттер болуп жатат.
Адеп ахлактын, руханий өсүп-өнүгүүгө өбөлгө, тарбиянын башаты болгон билим берүү тармагында эң мыкты көрсөткүчтөр болгонуна, быйылкы жылдагы жалпы республикалык тестирлөөдө күбө болдук.
Анда Нарын районунда билим берүү тармагында жалпы республикалык тестирлөө 75,6 % түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6% га өсүш бергенин жана республикалык көрсөткүчтө алдыга чыкканын баса белгиледи.
Бул ийгиликтердин аркасында билим берүүнүн сапатын башкаруу, мектепке чейинки билим жана тарбия берүүнүн актуалдуу багыттары, кесип тандоосуна жана жөндөмүнө жараша кесипкөйлүк мамиле кылган мугалимдер тургандыгын билдирди жана өткөн жылдагы окуу жылдагы ийгиликтерден ашып өтүп, чооң жетишкендиктерге шыктанууга чакырды.
Урматтуу жаш муунду илим, билим менен сугарып, өлкөнүн өнүгүүсүнө, коомдун руханий сабаттуулугун арттырууга салым кошкон инсандар, сиздердерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана албан албан ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле 31- август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.
Ошондой эле август конференциясында 2024-2025-жаңы окуу жылына коюлган милдеттер да белгиленди.
Эске салсак, август конференциясы билим берүү кызматкерлери үчүн окуу жылынын алдындагы негизги иш-чара болуп саналат.