НАРЫН РАЙОНУНДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР ЖАНА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН АРАКЕТТЕР БОЮНЧА 6 АЙДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ, КОЛЛЕГИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын районунун 2024-жылдын алты ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча администрациянын жыйындар залында коллегиялык отурум болуп өттү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, акимдин орун басарлары, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселе каралды:
1. Нарын районунун 2024-жылдын 6 айындагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ;
Коллегияда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын экономиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н. Сагындыков 6 ай ичинде социалдык-экономикалык тармакта бюджет жана салык, инвестиция жана курулуш, кызмат көрсөтүү, курулуш ачылган ишканалар боюнча маалымат берди.
-Бюджет жана салык:
Мамлекеттик бюджетке 2024-жылдын 6 айына карата пландагы 97 млн 142,4 миң сомдун ордуна 119 млн 392,9 миң сом чогултулуп, план 122,9 пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 22 млн 250,5 миң сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджетке 44 млн 665,9 миң сом пландалып, 56 млн 938,9 миң сомго аткарылган же 12 млн 273,0 миң сом ашыкча чегерилип, план 127,5 % ал эми жергиликтүү бюджет 52 млн 476,5 миң сомго пландалып, 62 млн 454,0 миң сомго аткарылган же 9 млн 977,5 миң сом ашыкча чегерилип, план 119,0 % га аткарылган (2024-жылдын фактысы 2023-жылдын фактысына салыштырмалуу 18 млн 81,8 миң сомго көп болгон).
-Инвестиция жана курулуш, кызмат көрсөтүү:
Райондун аймагында Солтон-Сары кенинде Кыргыз-Кытай “Жонжи Майнинг компани” биргелешкен ишканасы тарабынана алтын ылгоочу фабрика,”Нарын өндүрүштүк ишканасы” ЖЧК тарбынан кубаттуулугу 100 мВт Куланак ГЭСинин курулушу, Куланак өзү агып чыгуучу каналдын курулушу, бышкан кирпич чыгаруучу заводдун курулуш жумуштары, таш майдалоочу жана асфальт бетон чгаруучу заводдордун курулуш иштери жүргүзүлүп жатат.
-Курулуш:
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Ак-Кудук айылындагы 150 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы мектептин курулуш жумуштары аяктоо алдында турат ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Б.Кыязов атындагы 150 орундук, А.Тыныбек атындагы 375 орундук, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы, Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы К.Жусупов жана Чет-Нура айыл аймагындагы Ийри-Суу айылындагы М.Байдөөлөтов мектебинин курулуштары жүрүүдө.
Калктын социалдык турмушун жеңилдетип, райондун бир катар айыл аймактарында, өзгөчө ирригация тармагында иш алып барып жаткан Нарын райондук өнүктүрүү фонду тарабынан жүргүзүлгөн иштер боюнча да маалымат айтылды.
Андан соң социалдык тармак боюнча 2024-жылдын 6 айына карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Идрисов билим берүү, социалдык жөлөк пулдардын каржыланышы, социалдык контракт, саламаттык сактоо, мамлекеттик медициналык камсыздандыруу полиси жана маданият тармагы боюнча маалымат берди.
Белгилей кетсек билим берүү тармагында быйылкы окуу жылында жалпы республикалык тестирлөөгө 504 окуучу катышып, анын ичинен 382 окуучу 110 баллдан жогорку көрсөтүчтү берсе, 8 окуучу 200 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болушту. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен билим сапаты 75,6 пайызды түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6 пайызга өсүш берди.
Ал эми кадрларды даярдоодо, башталгыч кесиптик билим берүү тармагында Дөбөлү айыл өкмөтүндө №30 кесиптик лицей электрогазширетүүчү, жыгач уста, ветеринария, автослесарь, ашпозчу, тигүүчү, компьютердик графика, программалык камсыздоо ж.б. кесиптин түрлөрү боюнча кесиптик билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүп, аталган окуу жайдын базасын кеңейтүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Эмгекчил айылында административдик-аймактык реформанын алкагында бошогон айыл өкмөтүнүн имараты пайдаланууга берилип, Дөбөлү айылындагы №30 кесиптик лицейдин филиалы ачылган. Ал жерде мөөнөтү 10 айлык окуу курстарына окуучуларды кабыл алуу жүргүзүлүүдө.
Күн тартибинде каралган маселе боюнча жетишкен ийгиликтер менен бир катар кемчиликтер бегиленип, район акими тарабынан кемчиликтерди жоюу боюнча мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тапшырмаларды берди.
и ещё 8
Все реакции:

Президенттин Нарындагы Өкүлчүлүгү, Эля Ишенова и ещё 28

Жооп калтыруу