2024-жылдын 21-октябрында Нарын районунун 2024-жылдын тогуз ай ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы жана социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын иш-чаралар планынын аткарылышы боюнча администрациянын жыйындар залында коллегиялык отурум болуп өттү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, акимдин орун басары, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Күн тартибинде төмөндөгүдөй маселе каралды:
1. Нарын районунун 2024-жылдын 9 айындагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ;
Коллегиянын жүрүшүндө Нарын районунда 9 ай ичинде социалдык-экономикалык тармакта аткарылган иштер боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын реалдуу сектор маселелери бөлүмүнүн башчысы Н.Сагындыков бюджет жана салык, инвестиция жана курулуш, кызмат көрсөтүү, ачылган ишканалар боюнча маалымат берди.
Мамлекеттик бюджетке 2024-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландагы 157 млн 40,9 миң сомдун ордуна 184 млн 177,6 миң сом чогултулуп, план 117,3 пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 27 млн 136,7 миң сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджет 77 млн 189,6 миң сомдун ордуна 90 млн 533,5 миң сом чогултулуп, план 117,3 пайызга аткарылган, же болбосо республикалык бюджетке 13 млн 343,9 миң сом ашыкча чегерилген, ал эми жергиликтүү бюджет 79 млн 851,3 сомдун ордуна 93 млн 644,1 миң сом чогултулуп, план 117,3 пайызга аткарылып, 13 млн 792,8 миң сомго көп чогултулган.
Камсыздандыруу төлөмдөрү 2024-жылдын 9 айына карата 310 млн 328,1 миң сом пландалып, 326 млн 583,9 миң сомго же болбосо 105,2 пайызга аткарылып, план тапшырма 16 млн 255,8 миң сомго ашык аткарылган, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 34 млн 309,1 миң сомго көп өлчөмдө чогултулуп, өсүү темпи 111,7 пайызды түзгөн.
Ошондой эле социалдык тармак боюнча 2024-жылдын 9 айына карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Идрисов доклад окуп, маалымат берди.
Социалдык тармакта саламаттык сактоо, мамлекеттик медициналык камсыздандыруу полиси, зордук-зомбулук, миграция, эмгек жана иш менен камсыз кылуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгы боюнча, спорт, социалдык жөлөкпулдун каржыланышы боюнча, билим берүү тармагы, социалдык контракт боюнча жана маданият тармагы боюнча маалыматтар берилди.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде район боюнча 2024-жыл үчүн “Үй-бүлөгө көмөк” мамлекеттик жөлөкпул алуучу аз камсыз болгон үй-бүлөлөр менен социалдык контракт түзүү үчүн Нарын районунуа 248 квота бөлүнүп, 2024-жылдын 9 айына карата берилген квота 100% аткарылган. Жалпы соц контракт түзүлгөн үй бүлөлөрдүн саны 403 түзгөн.
2023-2024-окуу жылы жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 553, анын ичинен тестирлөөгө катышканы 504, тестирлөөгө катышпагандардын саны 49.
Ал эми ЖРТга катышкан 504 (510) окуучулардын ичинен 382 (310) бала же 75,6 (61,0) пайызы 110 баллдан жогору баллга ээ болгон. Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен билим сапаты былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6 пайызга өсүш берди. Анын ичинен 8 (0) окуучу 200 баллдан жогорку көрсөткүчкө ээ болушту.
Күн тартибинде каралган маселе боюнча жетишкен ийгиликтер менен бир катар кемчиликтер бегиленип, район акими тарабынан кемчиликтерди жоюу боюнча мекеме жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тапшырмаларды берди.