НАРЫН РАЙОНУНДА АЙЫЛ ЧАРБА КЛАСТЕРЛЕРИН ӨНҮКТҮРҮҮ

Бүгүн, 5-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаровдун жетекчилеги астында айыл чарба тармагындагы эт, сүт, бал, балык,мөмө-жемиш, сафлор жана тоют кластерлерин өнүктүрүү, долбоор жазып каражаттарды иштетүү боюнча жыйын өткөрүлүп, айыл чарба тармагындагы өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тапшырмасы менен ишке ашып жаткан айыл чарба кластерлерин кантип өнүктүрүү, Кепилдик фондунун мүмкүнчүлүктөрүн кантип пайдалануу керектигин, эт, сүт, балык бал, мөмө-жемиш жана балык кластерлерин өнүктүрүү боюнча атайын адистер тарабынан жыйындын катышуучуларына кеңири маалыматтар берилди.
Жыйында эт, сүт, балык, бал жана мөмө-жемиштерди өстүрүү боюнча кластерлерди түзүү боюнча сунуштар каралды.
Бул демилгелер айыл чарбасын өнүктүрүүгө, продукциянын сапатын жакшыртууга жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугун арттырууга багытталган.
Кластерлерди түзүү аркылуу продукцияны кайра иштетүү, экспортту стимулдаштыруу жана жергиликтүү тургундар үчүн жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө шарт түзүлөт.

Жооп калтыруу