НАРЫН РАЙОНУНДА АЙЫЛ ЧАРБА АЗЫКТАРЫНЫН ЖАРМАНКЕСИ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 10-февралында азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу жана элди жергиликтүү азык-түлүк продукциялары менен камсыздоо, калк арасында азык-түлүк коопсуздугун, сапаттуу азыктарды өндүрүү жана жайылтуу максатында Нарын шаарында Нарын району тарабынан айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.
Жарманкеге Миң-Булак айыл өкмөтүнүн дыйкан-фермерлери, жеке ишкерлери катышып, өзүлөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн алып келишти.
Жарманкенин максаты:
– ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, жеке ишкерлерди колдоо, азык-түлүк коопсуздугун сактоо менен бирге айыл чарба азыктарын дүң жана чекене баада шаар тургундарына сатуу;
-жергиликтүү айыл чарба азыктарын өнүктүрүү жана калкты сапаттуу азык-түлүк менен камсыз кылуу;
-дыйкан, фермер жана жеке ишкерлердин ишин колдоо жана алардын чыгарган продукцияларын элге көрсөтүү;
-социалдык маанилүү болуп эсептелген азык-түлүктүн баасынын жогорулап кетишин көзөмөлдөө жана бааларды турукташтыруу;
Жарманкеде эт азыктары, сүт азыктары (каймак, сары май, сүзмө, чөбөгө) жашылча (картошка, пияз) жумуртка жана башка азыктар коюлду.
Өткөрүлгөн жарманкелер азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу боюнча аймактагы калк үчүн маанилүү болуп саналат.
Жергиликтүү фермерлер өз продукцияларын таанытып, элге сапаттуу жана коопсуз азык-түлүктөрдү сунуштоо. Ошондой эле келечекте айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жергиликтүү экономикага салым кошууга жана калкка сапаттуу азык-түлүк жеткирүүдө зор мааниге ээ.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан түзүлгөн графикке ылайык, мындай жарманкелер ар аптанын дүйшөмбү күндөрү өткөрүлүп турмакчы.

Жооп калтыруу