Бүгүн, 2-февралда Нарын шаарынын Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтында Нарын району тарабынан айыл чарба азыктарынын жарманкеси өткөрүлдү.
Жарманкеге Нарын районунун бардык айыл өкмөттөрүнүн дыйкан-фермерлери, жеке ишкерлери катышып, өзүлөрү өндүргөн азык-түлүктөрүн алып келишти.
Өткөрүлгөн жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, жеке ишкерлерди колдоо, азык-түлүк коопсуздугун сактоо менен бирге айыл чарба азыктарын дүң жана чекене баада шаар тургундарына сатуу болуп саналат.
Жарманкеде эт азыктары, сүт азыктары, картошка, жашылча (сабиз, кызылча), буудай, арпа жана колго жасалган таттуулар, жергиликтүү айымдар тарабынан даярдалган боорсок, пирог, нан жана башка кондитердик азыктар.