НАРЫН РАЙОНУНДА 4 ЗАВОДДУН КУРУЛУШУ БАШТАЛДЫ

25-октябрда Нарын районунун Кур-Терек аймагындагы “Нарын СЭЗ – Кашкар СЭЗ” индустриялык паркында 4 өндүрүш заводунун: “Нарын шумкар” аталышындагы авто унаа куроочу, “Нарын чырак” диоддук лампа өндүрүүчү, “Нарын кагаз” кагаз чыгаруучу жана “Нарын алгыр” айыл чарба дрондорун өндүрүүчү ишканалардын курулушу башталды.
Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын кызматташтыгындагы “Эки өлкө, эки парк” долбоорунун алкагында ишке ашып жаткан саамалыкка КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров катышып, мезгил кутучасын салды.
Тарыхый иш чарага КР Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, “Кыргызстан Шумкар” автоунаа куроочу заводунун директору Хун Юнци мырза баштаган кытай инвесторлору, Нарын районунун коомчулугу катышты.
Белгилей кетсек, курулушу башталган “Нарын шумкар” автоунаа чогултуучу заводуна 130 миллион АКШ долларына барабар инвестиция жумшалат. Завод курулуп бүткөндө 1000ден ашык жумуш орундары түзүлүп, жылына 20 миңден ашык автоунаа куралып чыгаары пландалууда.
Ушул эле аймакка курула баштаган “Нарын чырак” диоддук лампа өндүрүүчү заводуна 10 миллион доллар инвестиция жумшалып, жылына 30 миллион даана лампа чыгаруу, болжол менен 200 жумушчу ордун түзүү мерчемделүүдө.
Ошондой эле “Нарын кагаз” даарат кагазын жана салфетка чыгаруучу заводунун курулушуна 10 миллион доллар инвестиция салынат. Бул заводдо 100дөн ашык жумуш орундары түзүлүп, жылына 6 миң тонна кагаз продукциясы өндүрүлөөрү күтүлүүдө.
Ал эми “Нарын алгыр технолоджи” ишканасында айыл чарбасына багытталган дрондор чыгарылат. Бул жерде дагы 50дөн ашык жумуш орду түзүлөт. 10 миллион доллардан ашык инвестиция жумшалат. Заводдордун курулуш иштери 2025-жылдын май айында аяктаары пландалууда.
Өткөн жылдын май айында КР Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарында эки өлкөнүн башчылары С.Н. Жапаров жана Си Цзиньпин “Жаңы доордо ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү түзүү боюнча Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын биргелешкен декларациясына” кол коюшкан.
Ушул тарыхый учурдан тартып кыргыз-кытай мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлүп, өлкөлөр ортосундагы экономикалык мамилелердин активдешүүсү аймактарга дагы жайылтылды. Анын натыйжасында Нарын облусу менен Кашкар округунун жана Кызыл-Суу Кыргыз автономиялуу облусунун кызматташтыгы күч алып, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов тарабынан инвестициялык долбоорлорду тартуу боюнча тынымсыз аракеттер көрүлдү.
Быйыл Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Үрүмчү шаарында инвесторлор менен жолуккандан кийин ыкчам чечимдер кабыл алынып, иш ыргагы тездеди. Кыска мөөнөттүн ичинде инвестициялык келишимдер түзүлүп, заводдорду куруу иши жолго коюлду.

Жооп калтыруу