1-июнь Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Мадимаров Нуридин Султанович бал тилдүү, балалыктын доорун өткөзүп, оюнга тойбой чуркаган, мотурайган бөбөктөрдү майрамы менен куттуктады.
Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Ак-Талаа, Жерге-Тал, Жалгыз-Терек, Казан-Куйган айылдарындагы турмуш шартына байланыштуу жана бала күнүнөн тагдырдын оор сыноосуна кабылып, убактылуу камкорчунун карамагында болуп жаткан, жаш жеткинчектердин жашоо шартын жеринде көрүп, куттуктап, белегин тапшырды.
Район акими өз сөзүндө балдарга бактылуу балалык жана бекем ден соолук каалап, акыл эстүү, коомдун күзгүсү болгон келечектери кең инсандардан болуусуна тилектеш экендигин билгизди.
Эске салсак, социалдык жактан жетишпеген, аз камсыз жарым жана томолой жетим балдарга атайын түзүлгөн тизменин негизинде камкорчу жалданып жана мамлекет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан материалдык колдоо жана психикалык жактан толук кандуу өсүп өнүгүүсү үчүн ар кандай шарттар түзүлүп келет.
Ошондой эле Нарын районунун бардык айыл аймактарындагы бала бакчаларда Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлдү.