Бүгүн, 2025-жылдын 21-октябрында Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүндө Нарын районунун 2025-жылдын 9 айындагы экономикалык-социалдык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча коллегиялык отурум өткөрүлдү.
Отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, коллегия мүчөлөрү, Нарын районунун прокурору А.Сатинбиев, мекеме-ишкана жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, мектеп директорлору, бала бакча жетекчилери, ФЭБ башчылары катышты.
Коллегиянын күн тартибинде каралган маселелер:
1.2025-жылдын 9 айынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө;
2. Нарын районунун Э.Дайракунов, Миң-Булак, Чет-Нура айыл өкмөттөрүндө, Нарын райондук билим берүү бөлүмү жана Нарын райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгында Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 тескемесинин аткарылышы, Е-Кызмат автоматташтырылган маалымат системасы, нормативдик укуктук актылардын аткарылышы, кызматчылардын өздүк ишин жүргүзүү тартибинин аткарылышы жана эмгек китепчелеринин тартибинин сакталышы тууралуу;
Өнөр жай продукциясынын өндүрүшү:2025-жылдын 9 айында жалпы өнөр жай продукциясы учурдагы баада 5 млрд 963 млн 204,6 миң сомго өндүрүлгөн.
Талаачылык:Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жазгы айдап себүү, оруп жыйуу иштерине карата 19.03.2025-жылдагы №89-б буйругунун негизинде оруп жыйуу иштеринде дан эгиндеринен тоют катары 582 гектары чабылган, ал эми калган 5222 гектары толук жыйналган, мунун ичинен 1131 га буудай, 4091 га арпа, орточо түшүмдүүлүк буудайдыкы 23 центнерден, арпаныкы 25 центнерден айланган, 2024-жылга салыштырмалуу орточо түшүмдүүлүк арпаныкы 3 центнерге жогору алынды, картошка жана жашылча жемиштери боюнча, картошка 0,7 центнерге, жашылча 1,8 центнерге көп жыйналды.
Ирригация:Нарын райондук суу чарба башкармалыгында 2025-жылдын 9 айына карата капиталдык ремонт иштери 18 млн 755,0 мин сомго пландалып, 12 млн 844,2 миң каржыланып, 12 млн 348,2 миң сомдук жумуштар аткарылган жана 6 млн 626,8 миң сом складда калган калдык материалдар өздөштүрүлгөн.
Жалпы каналдар 2 млн 969,6 миң сомго оңоп түзөөдөн өткөрүлдү, БНК каналында 242,2 миң сом, Чырпыкты каналында 3 млн 936,8 миң сом, Кажырты каналы 375,4 миң сомго, Кара-Талаа каналы 133,6 миң сомго, М1 каналы 106,1 миң сомго, М2 канлы 83,7 миң сом, Кээдэн каналы 94,2 миң сом, Кызыл Жылдыз каналы 139, 0 миң сом , Байдулу каналы 1 млн 661,7 миң сом латоктор алмашылып, механикалык тазалоо, дамба бекемдөө, коргоо, тазалоо жумуштары жасалды.
Жалпы насостук станциялар боюнча 9 млн 128,4 миң сомго жумуштар аткарылды, алар Он-Арча-1 насостук станциясына 1 млн 538,1 миң сомго, Он-Арча-2 насостук станциясына 682,9 мин сомго , Кажырты насостук станциясына 6 млн 158,6 миң сомго, Кээден насостук станциясына 87,6 миң сомго, Конезавод-53 насостук станциясына 3 млн 384,7 миң сомго, Конезавод, Кажырты насосотук станцияларына жаңы 1 даанадан комплект насостук агрегаттар алынды, каналдардын тетиктери, роторлору алмашылып, ремонт иштери жүргүзүлдү.
Бюджет жана салык:Мамлекеттик бюджетке 2025-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен пландагы 1 млрд 615 млн 761,0 миң сомдун ордуна 1 млрд 762 млн 989,7 миң сом чогултулуп, план 109,1 пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 147 млн 228,4 миң сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджеттин планы 1 млрд 499 млн 105,5 миң сомдун ордуна 1 млрд 615 млн 951,5 миң сом чогултулуп, план 107,8 пайызга аткарылган, же болбосо республикалык бюджетке 116 млн 846,0 миң сом ашыкча чегерилген, ал эми жергиликтүү бюджеттин 116 млн 655,8 сомдун ордуна 147 млн 38,2 миң сом чогултулуп, план 126,0 пайызга аткарылып, 30 млн 382,4 миң сомго көп чогултулган.
Камсыздандыруу төлөмдөрү 2025-жылдын 9 айына карата 391 млн 809,0 миң сом пландалып, 397 млн 452,3 миң сомго же болбосо 101,4 пайызга аткарылып, план тапшырма 5 млн 643,3 миң сомго ашык аткарылган, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 70 млн 868,4 миң сомго көп өлчөмдө чогултулуп, өсүү темпи 121,6 пайызды түздү.
2025-жылдын 9 айына карата мамлекеттик бюджеттин былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 9,5 эсе өскөн, же болбосо мамлекеттик бюждетке 1 млрд 578 млн 812,1 миң сомго ашыкча чегерилген, анын ичинен республикалык бюджет 17,8 эсе же болбосо 1 млр 525 млн 418,0 мин сомго жана жергиликтүү бюджет 157 % га аткарылып 53 млн 394,1 миң сомго көп чегерилген. 2025-жылдын 9 айына карата район боюнча жергиликтүү салыктардын аткарылышы 126 % ды түзгөн.
Курулуш:Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Жер-Көчкү айылындагы Б.Кыязов атындагы 150 орундуу, Чет-Нура айыл аймагындагы Ийри-Суу айылындагы 225 орундуу М.Байдөөлөтов атындагы мектептеринин курулуш жумуштары аяктап, 2025-жылдын 29-августунда КР Президентинин онлайн катышуусунда ачылып, пайдаланууга берилди, учурда Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Куйбышев айылындагы А.Тыныбек атындагы 375 орундуу, Оттук айылындагы 150 орундуу Лахол айылындагы спорт комплекстин, Э.Дайракунов айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы 150 орундуу М.Иманалиев, Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы 150 орундуу К.Жусупов, Ак-Кыя айылындагы 150 орундуу А.Бекмуратов, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Эки-Нарын айылындагы 150 орундуу М.Мамбетов жана Таш-Башат айылындагы 225 орундуу Д.Мамбетов, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылындагы 150 орундуу С.Мамбетов атындагы мектептердин жана Ак-Кудук айылындагы 50 орундуу балдар-бакчасынын курулуштары жүрүүдө,
Кыргыз Республикасынын үлүштүк дем берүүчү гранттын эсебинен Нарын району боюнча 2025-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого жалпы 12 долбоор, Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондунан 77 млн 748,1 мин сомго жалпы 8 долбоорлор ишке ашырылууда, Нарын райондук өнүктүрүү фондусунан 21 долбоор ишке ашырылууда.
Инвестиция жана курулуш, кызмат көрсөтүү:2025-жылдын 9 айына карата жалпы 4 млрд 268 млн 60,2 миң сомдук ар кандай долбоорлор аткарылган, анын ичинен республикалык бюджеттен 504 млн 183,6 миң сом (стим грант 18 млн 903,2 миң сом, капиталдык салымдар 485 млн 280,4 миң сом), жергиликтүү бюджеттен 21 млн 382,4 миң сом, эл аралык уюмдардан 82 млн 353,9 миң сом, жергиликтүү фонддордон 104 млн 509,4 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан 3 млрд 552 млн 631,9 миң сом.
Ачылган ишканалар:2025-жылдын 9 айына карата Дөбөлү айыл өкмөтүндө кийим тигүүчү цех (жеке ишкер Ж.Табылдиев), Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө кийим тигүүчү цех (А.Өмүрова), Миң-Булак айыл өкмөтүндө тооктун этин кайра иштетүүчү ишкана (“Азиан Фуд экспорт” ЖЧК), Миң-Булак айыл өкмөтүндө бетон завод (“Ак-Ниет ЛТД” ЖЧК), Дөбөлү айыл өкмөтүндө кондитердик цех (жеке ишкер Г.Бекжан кызы), Жан-Булак айыл өкмөтүндө асфальт завод (Нарын курулуш” МИ ӨКМ), Миң-Булак айыл өкмөтүндө курулуш материалдарынын карьери (жеке ишкер Кененбаев А) 7 ишкана ачылып пайдаланууга берилди, аталган ишканалар салык кызматынан каттоодон өтүп, бүгүнкү күндө “Жонжи Майнинг”компани, “Авелум Партнер” ЖЧК жана Куланак ГЭСте жалпысынан 1200 жумуш орду түзүлгөн.
Жол тармагы:№8 жол тейлөө ишканасы тарабынан 2025-жылдын 9 айына карата жалпы 29 млн 339,0 миң сомго жумуштар аткарылган.
Орто оңдоо жумуштары боюнча “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен Үч-Нура унаа жолунун 9,4-11-чм аралыгына 1,6 чм 15 млн 195,4 миң сомго, Пионер унаа жолунун 1-1,200 чм 7 млн 847,6 миң сомго асфальт катмары төшөлгөн. Ошондой эле Нарын-Орук-Там унаа жолунун 20-23 чм аралыгындагы 3 чакырымга асфальттоо жумуштары аткарылды.
Учурда Нарын-Орук-Там унаа жолунда 5 км жана Нарын-Үч-Нура унаа жолунда 10 км, “Салкын-Төр” эс алуу жайынан 2 км жолго орто оңдоо жумуштары жүргүзүлүп, асфальт катмарын төшөөгө даярдык көрүлүүдө.
Нарын-Орук-Там унаа жолунун 39 чакырымындагы “Куюш” участкасындагы жыгач көпүрө 18 млн 617,0 сомго темир көпүрөгө алмаштырылып жаңыдан салынды.
№41 жол тейлөө ишканасы тарабынан 2025-жылдын 9 айына карата жалпы 23 млн 147,7 миң сомго жумуштар аткарылган. КРнын “Капиталдык салымдар” беренесинин эсебинен 13 млн 500,8 миң сомго Миң-Булак айылынан 1,5 чм унаа жолго асфальт катмары төшөлдү.
2025-2026-окуу жылы өзгөчө жыл десек болот.
“Алтын Казык” программасы бул 12 жылдык билим берүүгө өтүү. 12 жылдык билим берүүнүн концепциясы эл аралык стандарттарга жана башка өлкөлөрдүн ийгиликтүү практикаларына негизделип, эксперттердин жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Агартуу министрлиги тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты – билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, окуучуларда зарыл болгон заманбап көндүмдөрдү жана билимдерди өнүктүрүү, ошондой эле эмгек рыногунда бүтүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыздоо.
Райондун 2 (7) мектебинде жалпы 35,0 (50000,0) млн сомго жана 3 (2) бала бакчада 8 957 000 (6 926 460) сомго капиталдык ремонт жүргүзүлүп жатат.
Ал эми Жер-Көчкү айылынын Б.Кыязов мектеби республикалык бюджеттен 92,0 млн сомго, Ийри-Суу айылынын М.Байдөлөтов мектеби республикалык бюджеттен 116,0 млн сом каржыланып, жаңы курулуп пайдаланууга берилди.
Нарын району боюнча 2025-жылдын 1-октябрына карата 383 (641) үй-бүлөгө же 140 (2246) балага«үй-бүлөгө көмөк» мамлекеттик жөлөкпулу чектелип 23566,6 (39188,4) миң сом каржыланды. Былтыркы жылга салыштырмалуу 258 үй-бүлөгө же 843 балага азайган. Мамлекет тарабынан каржыланган акча каражаты 15621,8 миң сомго үнөмдөлдү. Жөлөкпулу токтотулгандардын ичинен 248 үй-бүлө же 802 бала Социалдык контракт долбоорунун алкагында кыскарган, 10 үй-бүлө же 41 бала жалпы негизде кыскарган.
Нарын районунун калкын маданий жактан тейлөөдо райондо 1 райондук, 11 айылдык маданият үйү, 1 райондук, 33 айылдык китепкана, 18 айылдык клуб жана 1 айылдык тарыхый-этнографиялык музей болуп бардыгы 65 маданият мекемелери иш алып барат. 110 маданият жана 39 техникалык кызматкерлер эмгектенишет.
Калкка маданий иштерди уюштуруу боюнча ар бир даталуу, юбилейлик күндөргө иш чаралар түзүлүп, калк арасында өткорүлүп турат.
2026-жылдын 9 айына Кыргыз Республикасынын Жарлыктарына ылайык Нарын районунун маданият мекемелери, айылдык маданият уйлор, клубдар, китепканалар тарабынан облустук масштабда 6, райондук масштабда 17, айыл аймактык 36, айылдык денгээлде 49 , жалпы 108 иш чара откорулгон. Ал эми китепканаларга жалпы берилген китептердин саны 140336, окурмандардын саны 17072 ни түзгөн.
✅ Отурумдун жүрүшүндө айрым мекеме-ишканалардын жетекчи, айыл өкмөттөрдүн иштеринде орун алган кемчиликтер белгиленип, аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле алдыда өтө турган шайлоо алдындагы даярдыктар талкууланып, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, билим берүү, медицина тармагында иштеген кызматкерлерге үгүт иштерине катышпоого чакырык жасалды.
Андан сырткары коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу, мыйзам бузууга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдар эске салынды.










