“НАРЫН” АЭРОПОРТУ ЖАНДАНЫП, КАТТАМ ИШКЕ КИРДИ

Бүгүн, 8-сентябрда Нарын районунун Кеңеш айылындагы “Нарын” аэропорту расмий ачылып, толук пайдаланууга берилди.
Анын ачылыш салтанатына президент Садыр Жапаров катышып, тасмасын чечти. Аны менен катар Жалал-Абад облусунун “Казарман” аэропорту онлайн режимде ачылды.
Өлкө башчы аймактык аэропорттордун реконструкциядан өтүп, аба каттамынын кайра жанданышы Кыргызстандын авиация тармагы өнүгүү жолунда бара жатканын белгиледи. Ошондой эле ал аэропорттордун иши илгерилеп, асманыбыз ачык болуусун тилек кылып, салтанат менен теңиртоолуктарды куттуктады.

Жооп калтыруу