2024-жылдын 12-ноябрында Кыргыз прокуратурасынын 100 жылдыгына карата, Нарын районунун прокуратурасы тарабынан Миң-Булак айылындагы Т.Байсалов атындагы орто мектебинде “Жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо прокуратуранын орду жана ролу” тематикасында лекция өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, мугалимдер жамааты жана окуучулар катышты.
Жыйында Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков Кыргыз прокуратурасынын түптөлүшүнүн алгачкы күнүнөн тартып, бүтүндөй басып өткөн 100 жылдык тарыхына кеңири токтолуп, ишмердүүлүктөгү жетишкендиктер менен учурдагы аткарылып жаткан иштерге басым жасалып, прокуратура органдары Конституция жана мыйзамдарды туу тутуп, мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөл жүргүзүп келе жаткандыгын белгиледи.
Ошондой эле прокуратуралык көзөмөлдүн укуктук негиздери жана прокуратура органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүктөр жөнүндө кеңири маалымат берилди.