Бүгүн, 8-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн белгилөөнүн алкагында, “Менин ден соолугум-менин укугум” аттуу урааны астында чуркоо болуп өттү.
Иш-чаранын эң негизги максаты адамдарды сергек жашоого, ооруларды алдын алуу, дени сак жашоо образын жайылтуу жана спорт маданиятын өнүктүрүүгө багытталган.
Аталган спорттук иш-чара чуркоо менен коштолуп, андан соң уюштурулган ден соолук чатырларында катышуучулар өздөрүнүн ден соолуктарынын негизиги көрсөткүчтөрүн, ал-абалын текшерүүгө дагы мүмкүнчүлүктөр каралган.
“Менин ден соолугум-менин укугум” аталышындагы бул иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, аппарат кызматкерлери жана райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери менен кызматкерлери активдүү катышышты.
Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата “Менин ден соолугум-менин укугум” ураанындагы иш-чарага активдүү катышкан мекеме, ишканаларга Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борбору тарабынан Сертификаттар тапшырылды.
Белгилей кетсек, бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму менен биргеликте өткөрүлүүдө.