Бүгүн, 19-февралда администрациянын жыйындар мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин катышуусунда Коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча иштери боюнча мамлекеттик агенттигин Нарын облусундагы өкүлү жана Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жыйын өткөрүлдү.
Жыйында агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын Нарын облусундагы өкүлү Б.Үрүстемов коррупцияга каршы аракеттенүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылар, КР нын Кылмыш-жаза кодексинин коррупцияга байланыштуу беренелерине өзгөртүүлөр киргизилип, коррупцияга байланыштуу кылмыштар үчүн жаза чаралары жана талаптар күчөтүлүп, жоопкерчилик жогорулатылагандыгын баса белгиледи.
Коррупцияга каршы мыйзамдарды өзгөртүү жана күчөтүү мамлекеттик кызматтардын ишин ачык-айкын кылууга, коомдун ишеничин арттырууга жана калкка адилеттүү кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылат.
Иш-чаранын соңунда жыйындын кызматкерлер тарабынан суроолор берилип, тиешелүү тараптардан жооптор берилди.