МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ – УЛУТТУН РУХУ, МАДАНИЯТТЫН ТАЯНЫЧЫ!

23-сентябрь — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү.
Ушул күнгө карата Нарын районунун бардык айыл аймактарында ар түрдүү маданий жана агартуу иш-чаралар өткөрүлдү.
Мектептерде, маданият үйлөрүндө, китепканаларда уюштурулган иш-чараларда кыргыз тилинин көркөмдүгү, тарыхый мааниси жана баалуулугу дагы бир жолу баса белгиленди.
Кыргыз тили — бул элдин жүрөгү, руху жана тагдыры. Аны сактоо жана өнүктүрүү — ар бир жарандын ыйык милдети.

Жооп калтыруу