МАДАНИЯТ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Ж.Шералиев атындагы музыкалык мектепте «2-ноябрь-Кыргызстандын маданият кызматкерлеринин күнүнө» карата майрамдык иш-чара болуп өттү.
Иш-чарага Кырыгыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров, Нарын райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин орун басары Э.Жанболотова, Нарын шаарынын мэринин орун басары Э.Асангазы кызы, Нарын облустук кесиптик бирликтер уюмунун төрагасы Э.Алымкулов, Нарын райондук ардагерлер кеңешинин төрагасы С.Нурманбетов жана тармак жетекчилери катышып, эмгек алдыңкыларын сыйланды.
Маданият кызматкерлерин Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин атынан, орун басар Э.Жанболотова куттуктап, төмөндөгүдөй куттуктоо сөзүн арнады:
Урматтуу маданият өкүлдөрү!!!
Баарыңыздарды– Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Улут өз наркын, дөөлөттөрүн сактай алганда гана улут катары сакталып калаары ааламдашуу доорунда биротоло айкын болду. Улуттун дал ушул баалуулуктарын коргоп, көрөңгөсүн кемитпей турган маданият өкүлдөрү.
Унутта калып бара жаткан маданият менен анын өкүлдөрүнө соңку жылдары көңүл бурулуп, мамлекет тарабынан камкордукка алына баштады.
Бүтүндөй бир улуттун улуу жоопкерчилигин көтөргөн эмгегиңиздерден баар таап, эң бийик сыйлык – эл журттун алкышына арзыңыздар. Дүйнөдө тынчтык болуп, жергебиз гүлдөп өнүгүп, маданияттын алтын доорун бирге куралы.
Майрамыңыздар куттуу болсун!
Иш-чара чакан майрамдык концерт менен коштолду.

Жооп калтыруу