2024 жылдын 2- октябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси Ж.Жээналиева, Кызыл Ай коомунун Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директору М.Жолдошбеков, Нарын районунун өнүктүрүү фондунун директору А.Рысбекова жана Учкун айыл аймагынын башчысы А.Бектуров жана аталган айыл аймактын Куланак айылынын жашоочулары менен биргеликте жыйын болуп өттү.
Анда үстүбүздөгү жылдын 6-августунда нөшөрлөгөн жамгырдан улам, суу ташкыны пайда болуп, селдин кесепетинен жабыр тарткан 58 турак жай ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан жардам ирээтинде ар бир үй-бүлөгө 24 333 сомдук сертификаттар тапшырылды.
Жыйында жарандык коргонуу боюнча жана табыгый кырсыктардын алдын алуу, кесепетин жоюу жана турак жайларды камсыздандыруу боюнча жеткиликтүү маалыматтар айтылды.