Башталгыч класстардын окуучулары жана алардын ата-энелери үчүн «Спорт — ден соолуктун булагы» аттуу эстафета сабагы мугалимдер тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
Мындан тышкары, 5–7-класстын окуучулары арасында «Кыш керемети» темасында сүрөт тартуу сынагы уюштурулса, 3–4-класстын окуучулары үчүн китепкана тарабынан «Жомокторго саякат» аттуу китеп окуу сынагы өткөрүлдү.
Ал эми Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылында мектеп окуучуларына арналган «Жаркын келечек» аттуу көңүлдүү эс алуу иш-чарасы уюштурулду.
Бул иш-чаралар балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүүгө, ден соолугун чыңдоого жана пайдалуу эс алуусуна багытталган.









