КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРОКУРАТУРА ОРГАНДАРЫНА 100 ЖЫЛ

Бүгүн, 10-май күнү Нарын районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнө караштуу Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин окуучуларына “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын 100 жылдыгына” карата зордук зомбулук, эрте никеге туруу, кылмыштуулуктун алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Аталган иш-чара Нарын райондук прокуратурасы тарабынан уюштурулган.
Бул жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Нарын районунун прокурору Суранбеков Дөөлөтбек Жусупович, Нарын РИИБдин башчысынын орун басары Талант Айбековичтер катышып сөз сүйлөштү.
Жыйынга мектеп окуучулары жана мугалимдер жааматы катышты.

Жооп калтыруу