Нарын райондук мамлекеттик администрациясында 14-июнда Нарын районунун акими Н. Мадимаров Россия федерациясынын Ярослав муниципалдык районунун расмий иш сапары менен келген жетекчилигин кабыл алды.
Жолугушууда эки райондун жетекчилиги жалпы райондор боюнча маалымат алмашып, маданият, экономикалык, социалдык абал жана туризм боюнча келечек пландар менен бөлүштү.
Ошондой эле Нарын районунун акими Н.С. Мадимаров жана Ярослав муниципалдык районунун акими Н.В.Золотников менен социалдык маданий, финансы-экономикалык, инфратүзүмдүк жана экологиялык кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту.
Нарын районунун климаттык шартына ылайык мал чарбачылыгын өнүктүрүү, тоо-кен тармагын иштетүү боюнча келишимде көргөзүлгөн шарттарды талкуулоо болуп өттү.
Ошондой эле Орусиядан келген расмий өкүлдөр менен биргеликте “Тянь-Шань” эс алуу багында Улуу Ата-Мекендик согуштун курмандыктарын эскеришип, гүл чамбарларын коюшту.
Андан соң Нарын районунда туризм тармагында ийгиликтүү иш алып барып жаткан Эки-Нарын айылындагы Теңир-Тоо Глемпинг борбору, Бугу-Марал эс алуу борбору жана Эмгекчил айылынын “Кара-Бук” участкасында жайгашкан “Этно борбордун” ишмердүүлүгү, келечек пландары боюнча маалымат берилип, пикир алмашуу болду.
