КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫНЫН 100 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Нарын районунда Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
1-ноябрь Кыргыз милициясынын кызматкерлеринин күнү жана Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн жыйындар залында иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, милициянын ардагери Мамаев Шайлоо Төлөбекович, Нарын районун судьясы Маматов Куштарбек Исаевич, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Кошалиев Бакытбек Сейтекович жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы милициянын полковниги Тукеев Кубанычбек Токтобекович катышты.
Салтанаттуу иш-чарада район акими Н.Мадимаров милиция кызматкерлерин бүгүнкү майрамы менен куттуктады.
Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдык мааракеси менен менен куттуктап, бүгүн бүтүндөй өлкөбүз үчүн маанилүү учур экенин белгиледи. Өз өмүрүн укук, тартипти сактоого арнаган кызматкерлердин аркасы менен коомубузда туруктуулук жана коопсуздук камсыздалууда жана эмгегиңиздердин аркасында элдер тынчтыкта жана келечекке ишеним менен жашай алаарын баса белгиледи.
Ошондой эле Кыргыз Милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата, Нарын районунун тынчтыктыгын, элибиздин бейпилдигин жана коопсуздугун коргоп, өз өмүрүн жана жашоосун тобокелге салып кызмат өтөөдөгү үзүрлүү эмгеги жана өз милдеттерин татыктуу өтөп жаткандыгы үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы” менен сыйланышып, чакан концерттик программа менен коштолду.
Салтанаттын соңунда, Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн имаратынын бурчуна уюштурулган кызмат учурунда курман болгон Шарше Мамбетов атабызга арналган фото-стенддин ачылышы аземи өткөрүлдү.

Жооп калтыруу