КУТТУКТОО

Урматтуу айымдар!
Сиздерди жаркыраган Жаз майрамы 8-март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!
Эне мээрими, сабырдуулугу жана айкөлдүгү ар бирибиздин жүрөгүбүздөн жылуу түнөк таап, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошуп, турмуштагы бардык кыйынчылыктарды жеңип, улам жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандырып турат.
Сиздер – үйдүн куту гана эмес, мамлекетибиздин таянычы жана коомубуздун тирегисиздер.
Сиздердин назик колуңуздардын кубаттуу күчү жаратман эмгек менен мамлекетибиздин күч-кубатын арттырып, өнүгүүгө багыттоого жөндөмдүү.
Ал эми аялзатынын чыдамкайлыгы жана акылгөйлүгү коомдо тынчтыкты сактоого, ынтымакты бекемдеп, биримдигибизди чыңдоого ишенимдүү өбөлгө.
Ардактуу асылзат айымдар!
Ушул жадыраган жаз майрамында баардыгыңыздарга чың ден-соолук, бейпил турмуш жана бакыт-таалай каалайм!
Кыргызстаныбыз тынчтыкта жана биримдикте өнүгүп өсүп, келечеги кең, гүлдөгөн өлкөгө айланалы!
Терең урматтоо менен Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович

Жооп калтыруу