2025-жылдын 28-майында таңкы саат 06:00 чамасында нөшөрлөгөн жаандын кесепетинен Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Куланак айылындагы «Терек-Суу» жана «Кур-Кокту» коктуларынан сел жүрүп, Нарын–Баетов жолун каптап, 15 турак жайдын короо-сарайларына кирген.

Жарандардын өмүрүнө жана турак жайларына олуттуу зыян келген жок, материалдык чыгымдар катталган эмес.

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин тапшырмасына ылайык, абалды көзөмөлгө алуу жана ыкчам чара көрүү максатында Нарын райондук жарандык коргонуу комиссиясы жеринде иш алып барып, тийиштүү мекемелерге жана айыл өкмөт башчысына селдин кесепеттерин жоюу боюнча тапшырмалар берилди.