Нарын райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

Жайгашкан жери Пайдалануу

максаты

Жалпы

аянты

Ижара

мөөнөтү

Баштапкы

ижара

акысы

(жыл)

1. Миң-Булак  айыл аймагы

Эмгекчил айылы

“Таластан” участогу №1211 контур

Тейлөө, кызмат көрсөтүү, коомдук тамактануу 0,05 гектар 5  жыл Орточо 100 миң сом

 

Жер салыгы

 

 

Конкурстун шарттары:

Конкурс 2024-жылдын 22-февраль  саат 15:00дө төмөнкү  дарек боюнча өтөт.

Нарын шаары,  Ленина 74,  Нарын  райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2024-жылдын 21-февраль саат 17:00 гө чейин төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл.

  • кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө  квитанция (бир жылдык ижара акынын 10 пайызынан кем эмес);
  • архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обүекти жайгаштыруунун эскиздик планы;
  • жеке жактар үчүн :
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
  • юридикалык жактар үчүн;
  • уюмдун толук аталышынын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат, (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
  • юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө  ыйгарым укук берген  өкүлдүн атына ишеним кат;
  • эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
  • эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү  чечим талап кылынат;
  • өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу  үчүн   каттоодо түп  нускасын жеке өзү көрсөтөт);
  • ыйгарым укуктуу салык органынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
  • Конкурстук сунуштар (конвертке мөөр же болбосо кол коюу менен бекилген абалда) тапшыруусу зарыл.

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Нарын шаары, Ленин к. №74,

байланыш телефону 0(3522) 5-54-12.

Биздин реквизиттер: Банк Нарын

 РОК, э/счет 4405012100004231,

БИК 440501,

ОКПО 04078134

 

Жооп калтыруу