КУЛАКТАНДЫРУУ

Нарын  райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик менчикте турган жер тилкелерди ижарага берүүгө конкурс жарыялайт

 

 

Жайгашкан жери Пайдалануу

максаты

Жалпы

аянты

Ижара

мөөнөтү

Баштапкы

ижара

акысы

(жыл)

1. Миң-Булак  айыл аймагы

Эмгекчил айылы

“Кош-Дөбө” участогу №1047, №1049, №1061, №1062, №1063, №1064, №1064, №1066 контурлар

Автоунаа, автобус чогултуучу жана дрон заводдорун куруу үчүн  

6,0

    49

жылга чейин

Орточо  128 миң 991  сом 84 тыйын

 

Жер салыгы

120 миң 993 сом

60 тыйын

 

Конкурстун шарттары:

Конкурс 2025-жылдын 15-апрель  саат 15:00дө төмөнкү  дарек боюнча өтөт.

Нарын шаары,  Ленина 74,  Нарын  райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.

Конкурска катышууну каалагандар жогорудагы дарекке 2025-жылдын 14-апрель саат 17:00 гө чейин төмөнкү  документтерди алып келүүсү зарыл.

  • кепилдик төгүмдү төлөгөндүгү жөнүндө  квитанция (бир жылдык ижара акынын 10 пайызынан кем эмес);
  • архитектура жана курулуш маселелерин жөнгө салуучу ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген жер участогунун жана обүекти жайгаштыруунун эскиздик планы;
  • жеке жактар үчүн :
  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортунун көчүрмөсү;
  • юридикалык жактар үчүн;
  • уюмдун толук аталышынын жана жайгашкан жерин көрсөтүү менен маалым кат, (юридикалык дареги, телефон жана башка маалымдаректер);
  • юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • уставдын жана уюмдаштыруучу келишимдин көчүрмөлөрү;
  • салык төлөөчүнүн идентификациялык номеринин көчүрмөсү (болсо);
  • юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү бекитүүгө  ыйгарым укук берген  өкүлдүн атына ишеним кат;
  • эгер юридикалык жактын жетекчиси (жеке аткаруучу орган) тарабынан арыз берилсе, жетекчиге ижара келишимин бекитүүгө укук берген документ, ошондой эле анын кызматтык абалын күбөлөндүргөн документ талап кылынат;
  • эгер юридикалык жак тандалган коллегиалдуу аткаруучу орган тарабынан башкарылса жана ижара келишимин бекитүүгө ушул органдын макулдугу жөнүндө документ талап кылынса, ижара келишимин бекитүүгө органдын макулдугун тастыктаган тийиштүү  чечим талап кылынат;
  • өкүлдүн ким экендигин ырастоочу документтин көчүрмөсү (конкурска катышуу  үчүн   каттоодо түп  нускасын жеке өзү көрсөтөт);
  • ыйгарым укуктуу салык органынын учурдагы айда карызы жоктугу жөнүндө маалым каты.
  • Конкурстук сунуштар (конвертке мөөр же болбосо кол коюу менен бекилген абалда) тапшыруусу зарыл.

Конкурстун катышуучуларын каттоо конкурс башталганга чейин 1 саат мурда башталат.

Суроолор боюнча төмөнкү дарекке кайрылыңыздар: Нарын шаары, Ленин к. №74, байланыш телефону 0(3535) 5-54-12.

Биздин реквизиттер: Банк Нарын

 РОК, э/счет 4405012100004231, БИК 440501, ОКПО 04078134

Жооп калтыруу