Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү-Жарандык коргонуу башчысынын 2024-жылдын 5-мартындагы №1 буйругуна ылайык, кар көчкүлөрүн мажбурлап түшүрүү иш-чараларын жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жана жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо максатында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 293-306 чакырымдарында (Долон ашуусунда) уюштурулаарын билдиребиз.
Жогорудагы иш-чарага ылайык, 2024-жылдын 7-мартында саат 12-00дөн кечки саат 18-00гө чейин Нарын районунун Оттук айылынан Кочкор районунун Сары-Булак айылына чейинки аралыкта жол жабылат жана көчкүнүн көлөмүнө жараша убакыт узартылып-кыскартылып калышы мүмкүн.
Алыс жолго чыга турчу жүргүнчүлөргө да кабарлап, түшүндүрүп коюңуздарды суранабыз.